Аялдардын мүнөзүн спирт ичимдиктери аныктайт

2 мая 2018 13:53 1073 Barometr
Поделиться в:
ok

 Аялдардын мүнөзүн алардын кайсы спирт ичимдиктерин тандагандыгына жараша билүүгө болот. Мындагы сырдын баары  кээде  туура чыгышы мүмкүн. Эмесе, аялдардын мүнөзүн спирт ичимдиктери аркылуу кантип билүүгө болот? Карап көрүңүз:

Шампан - булар  шайыр жана түрдүүчө кубулуп турган күлкүчү айымдар болот. Мындай аялдар өздөрүнөн улуу эркектерди тандашат. Күйөөлөрүнүн көзүнө көбүрөөк чөп салышат жана өтө тез эле мас болуп калышат.

Арак - муну туруктуу, бекем мүнөздөгү аялдар ичишет. Алар эмне каалагандарын жашыра беришпейт. Өтө жай мас болушат.

Коньяк – бул ичимдикти орто жаштагы аялдар тандашат. Алар жылуулукту, кам көрүүнү жана эркелетүүнү каалаган айымдар. Ошондуктан аларга көбүрөөк көңүл буруу керек. Алардын жан дүйнөсүн түшүнсөңүз,сизди катуу сүйүшөт. Бул айымдар дагы тез эле мас болуп калышат.

Виски - бул ичимдикти өзүнө ишенген, комплекстери жок айымдар тандашат. Ичкенден кийин аялдарда кайсарлык жана күтүлбөгөн нерселер болушу мүмкүн. Өтө тездик менен мас болушуп, эртеси күнү эмне болгонун эстегиси келишпейт. Анткени, көп нерселерди кылып коюшу күтүлөт...

Текила - экстраваганттуу жана тез-тез жарыла турган айымдар. Алар оолукма же буулукма болушуп, корунучтуу иштерди жасап жибериши мүмкүн. Булар дагы эки-үч рюмкадан кийин өздөрүн жогото башташат.

Ром-кола - Бул баардыгын эксперимент кылгысы келген аялдардын сүйүктүү ичимдиги. Алар мас боло элек жатып эле соолугуп калышат. Дайыма үндөбөй, жоголуп кетишет. Кыскасы мындай айымдар эч кимди зериктирбейт.

Жин-тоник - бул айымдар бир нерсени жакшы жөндөп, териштире алышпайт. Көп учурларда түшүнүксүз нерселерди айта беришет. Тез мас болушуп, эртең менен эч нерсени эстей алышпайт.

Кызыл шарап - бул айымдар сезимталдуу жана эңсөөсү күчтүү болушат. Сыртынан караганда өтө сабырдуу көрүнгөнү менен ичинде толкуну ташып турат. Өтө жай мас болушат, бирок өздөрүн жоготуп коюуусу толук күтүлөт.

Ак шарап - өзүн карманган,баасын билген, муздак жана кадамдарын эсептеп жасаган айымдар болушат. Алар дайыма соо бойдон калышат. Ар бир аракеттин "жети өлчөп, бир кескен" амалдуу айымдар.

Ликер - бул үй-бүлө очогона берилген, таттуу айымдардын ичимдиги. Алар тамактарды мыкты жасап, чарбачылыкты жакшы жүргүзүшөт. Айрыкча баалуу белектерди жакшы көрүшөт.

Сыра - бул дооматы болбогон айымдардын ичимдиги. Алар эркек сыяктуу түз сүйлөшөт. Айрыкча баарлашуудан ырахат гана аласыз. Иште же өмүрлүк сапарда өтө туруктуу болушат.

Ссылка: https://barometr.kg/content13980



Добавить комментарий