Юлия Руцкая жана Омар Шашлык фестивалына шашылууда

2 мая 2018 11:31 1372 Barometr
Поделиться в:
ok

5-майда «Кыргыз Айылы» этнографиялык комплексинде Шашлык радиофестивалы өткөрүлөт. Иш-чара ушуну менен үчүнчү ирет болгону турат.

Иш-чараны “Ретро FM” радиостанциясы өткөрүп, 2018-жылдагы шашлык сезонун ачат.

Саат 11де баштала турган фестивалга ата-мекендик эстраданын жылдыздары Юлия Руцкая, Омар, Чолпон жана Эламан дуэти катышат.

Ошондой эле шашлык жасоочу 15 команда “Эң мыкты даам”, “Эң мыкты кооздолгон шашлык” жана “Эң мыкты тааныштыруу” номинациялары боюнча ат салышмакчы.

  

  

Ссылка: https://barometr.kg/content13971



Добавить комментарий