Мас болгон кыргызстандык Москва дайрасынан сүзүп өтмөк болгон
Поделиться в:
Мас болуп алган кыргызстандык жигит Москва дайрасынан сүзүп өтмөкчү болгон. Бул тууралуу РИАМО басылмасы кабарлады.
Кечээ 17.12де куткаруучулар жигит чөгүп жаткан учурда байкап калып аны суудан куткарып чыгышты. Кыргызстандын жараны достору менен мелдеше кеткен. 24 жаштагы жигитке алгачкы медициналык жардам берилгенден кийин, куткаруучулар аны туугандарына өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content13970
Добавить комментарий ×