Раимбек Матраимовдун өкмөткө каршы соту кийинкиге жылды

2 мая 2018 10:53 445 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда КРнын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өкмөткө каршы берген доо арызы каралды. Ал өзүн мыйзамсыз жумуштан бошотту деп өкмөттү айыптап жатат.   

Сотко судья Алмаз Калыбаев төрагалык кылып жатат. Ал өкмөттүн жана бажы өкүлдөрү сотко келбегенин айтты.

Өкүлдөрдүн жоктугунан улам процесс 10-майга жылдырылды.  

Эскерте кетсек, Матраимов Бажы кызматынан төрага орун басарлыгынан 2017-жылдын ноябрь айында депутаттар аны сындап чыккандан кийин бошотулган. Ал соттун баардык инстанцияларынан утуп чыкса кайрадан өзүнүн кызматына барышы ыктымал.

Ссылка: https://barometr.kg/content13968



Добавить комментарий