2-май: абанын температурасы +20 градус болот
2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кар күрткү түшүү коркунучу бар. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18 градус болот.
Бишкек шаарында 2-майда түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20 градус жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/content13958
Добавить комментарий ×