Токмоктогу убактылуу жайдан качкандар кармалды
Токмок шаарынын чет жагында убактылуу жайдан качкан үч кылмышка шектүү жигит кармалды жана шаардагы милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Кармоо иштерин Чүй областтык ички иштер башкармалагынынын кызматкерлери жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, 1-майда болжол менен саат 7лер чамасында Токмок райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан шектелип жаткан үч адам качып кетип, белгисиз тарапка жашынышкан. Алардын арасында мурда соттолгондор дагы болгон.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, качкындар дубалды бузуп качып чыгышкан.
“Сирена” планын киргизгенден кийин кылмышкерлерди кармоо иш-чаралары башталган.
2002-жылы туулган Юсупахунов Руслан Гашировичке,
2000-жылы туулган Ворончихин Леонид Дмитриевичке,
2001-жылы туулган Порошин Анатолий Сергеевичке издөө жарыланган.
Учурда үчөө тең кармалды.
Ссылка: https://barometr.kg/content13955
Добавить комментарий ×