Дарбыздан баңгизат чыкты
Поделиться в:
Түркиянын Ван дубанында адамдын акылга келбеген окуя катталды. Жолдо токтотулган оор жүк ташуучу унаадагы дарбыздардын ичинен 65 килограмм баңгизат чыкты. Бул тууралуу sozcu.com сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык Ван ички иштер башкармалыгынын Бангизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү оор жүк ташуучу унааны жолдон текшерүүгө алышкан. Унааны тинтүү учурунда алар баңгизат издөөчү иттерди да пайдаланышкан. Натыйжада дарбыздын арасынан кескилеп көргөндө жалпысынан 126 пакетке оролгон 65 килограмм, 750 грамм баңгизат табылган. Бул окуяга тиешелүү эки адам кармалып, териштирүү иштери башталган.
Ссылка: https://barometr.kg/content13954
Добавить комментарий ×