Бишкекте "Эл укпасын" деп аталган комедиялык тасманын бет ачары болот
Бүгүн, 11-майда «Манас» кино театрында “Эл укпасын” деп аталган тасманын бет ачары болот. Бул тууралуу тасманын режиссеру, «Миллиондук мелдеш», «Мегатой» тасмаларын тарткан Суйун Откеев билдирди.
Сюжет боюнча Кореяда иштеп жана окуп жаткан 27 жаштагы Дастан ата-энесинин өтүнүчү менен таз арада бир айга үйүнө учуп келет. Таэквандо боюнча кара курдун ээси 24 жаштагы Жамиля маанилүү турнирге аябай даярданып жаткан. Алардын ортосунда бир нерседен башка эч нерсе жок болчу...
Аларды бала кезде ата-энеси салтка ылайык кудалашып коюшкан.
Бирок карьерист Дастан менен өзүм билем болгон Жамиля бири бирин жек көрүшөт. Жагдайды Жамийланы ала качмак болгон Тыкы күчөтүп жиберет.
Башы ролдордо: Мурат Мамбетов, Асылбек Өзүбеков, Гульмира Турсунбаева, Таалайкан Абазова, Эркин Эгембердиев, Таазим Уметалиева жана Нуртилек Жапаров.
Ссылка: https://barometr.kg/content1394
Добавить комментарий ×