Беш баланын энеси жардам сурап кайрылууда

30 апреля 2018 20:18 738 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 29-апрелде Barometr.kg редакциясына Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновка айылынын тургуну, беш баланын апасы Мыскалай Таджидинова телефон чалды.  

Аял ага жөлөк пул берүүдөн баш тартышканына эмне кылаар айласын таппай турганын айтты.

“Бир аз мурда интернеттен балдарга жөлөк пул бериле турганы жөнүндө окуп калдым. Кубанып акыркы акчама документтерди топтоп февраль айында бир жашка чыккан кичүү кызыма жөлөк пул алууга бардым. Бирок жөлөк пулду ала албай жатам комиссия келип, кайра кетип калды ошондон бери 23 күн өттү. Беришеби же беришпейби билбейм. Беш балам бар. Бир да жолу бир да балама жөлөк пул алган эмесмин. Мен ага чейин да документ берип жүргөм бирок менин уюм жана пластик терезелерим бар деп жөлөк пул бербей коюшкан. Уйду сатканыбызга сегиз жыл болду”,-деп даттанды Мыскалай.

Аял жөлөк пул алууга жардам берүүнү суранды.

 “Мен жалгызмын балдарымды бага албай жатам. Жайында талаа жумуштарында иштейбиз. Балдар коңшуларга жардам беришет”,-деп ыйлады аял.

 Мыскалайга жардам берүүнү каалагандар 0557 16 62 76 телефонуна байланышса болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13939



Добавить комментарий