Жалал-Абадда жер көчкү жүрдү

29 апреля 2018 18:59 2131 Barometr
Поделиться в:
ok
Жалал-Абад областында жер көчкү болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин базсма сөз кызматы билдирет.
 
Министрликтин маалыматы боюнча, Сузак районунун Сары-Булак айылындагы Көк-Арт өзөнүнүндө жер көчкү жүрүп, өзөндү тозуп калган. Азыркы кезде көчкүнүн көлөмү аныкталып жатат.
 
Аймактагы өзгөчө кырдаал министирлигинин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барышууда. Акыркы маалыматтарга караганда, жер көчкүнүн зыян чеккендер жана материалдык чыгым көргөндөр жок.
 
Ал эми ушул Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын жанындагы Алмалуудагу болуп өткөн жер көчкүдө 2000-жылы төрөлгөн бир баланы басып калган.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13929



Добавить комментарий