Ошто каза тапкан милиционердин иши боюнча кесиптеши кармалды

29 апреля 2018 16:43 1019 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында каза  тапкан милиционердин  кесиптеши кармалды, анын табелдик куралды ок атуудан каза тапкан участкалык милициянын унаасынан табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Кечээ, 28-апрелда анын кесиптеши кармалган. Иликтөө маалында унаанын салонунан каза тапкан милициянын досуна катталган табелдик курал алынган. Милициянын досу да укук коргоо органдарында иштейт.

Эскерте кетсек, 28-апрелге караган түнү Ош шаарында Ак-Буура райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык инспекторунун сөөгү табылган. Ал көкүрөгүнө ок атуудан улам каза тапкан. Милиция ичинен бекитилген унаанын салонунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда ал өзүн-өзү атып көз жумган.

Тергөө уланып жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13925



Добавить комментарий