68 жаштагы чоң ата 20 жаштагы баладай көрүнөт

28 апреля 2018 23:11 3949 Barometr
Поделиться в:
ok
Ар бир жашта жаш көрүнүү жакшы. Бирок карыган абышка студентке окшош болсо, таң калычтуу нерсе эмеспи. 68 жаштагы шанхайлык Ха Хаяга карап, ал жаңы бышкан алмага тойгон же мистикалык кинодогу каарманга окшоп "жаш кыздардын канын ичет" деген ой кетет.
 
Эч ким аны бир көрүп 1950-жылы төрөлгөн деп айта албайт. Анын атасы бала кезинде кайтыш болгон. Аны апасы алты бир тууганы менен бирге тарбиялап өстүргөн. Бала кезинде ал түрдүү спорт ийримдерине барган, бирок кесипкөй катары эмес. Бирок өзүнүн жаш келбетине физикалык машыгуулардын артында жеткенин айтып келет.
 
Ал жөнүндө биринчи жолу талантуу карыялардын конкурсунда катышканда көрүүчүлөрдү өзүнүн келбети менен таң калтырганда сөз боло баштаган. Аны “заманбап чоң ата” титулу менен сыйлашкан. Ошондон тартып ал көптөгөн журнал, телевидения жана мода көргөзмөлөрүнүн бетинен түшпөй келет.
 
Ал эми жаштыгын сыры эмнеде деген суроого Ха Хай бир нече факторлордун айкалышы деп билдирет. Денесин бир калыпта кармаш үчүн ал йога, медитация жана башын төмөн карай түшүрүп жарым саат асылып турат.  Акыркысы балким бырыш менен чачынын түшпөстүгүн билдирет чыгаар. Ха Хай жалаң гана туура тамактануу режимин карманат.

Ссылка: https://barometr.kg/content13913



Добавить комментарий