Президент гольф ойноп жатып каза болду
Поделиться в:
Гватемаланын мурунку президенти жана азыркы учурда шаардын мэри Альваро Арсу 27-апрелде 72 жашында каза болду. Бул тууралуу “CNN” маалымат булагы билдирет.
Өлкөнүн мурунку башчысынын гольф ойноп жатканда жүрөгү кармап калган. Аны ооруканага алып барган менен, дарыгерлер аман алып калууга жетишпей калышкан.
Альваро Арсу Иригойен республиканын башчысы катары 1996-жылы шайланган. Ал башчы болгон маалда Гватемала Улуттук революциялык биримдик менен тынчтык тууралуу келишимге кол коюп, өлкөдөгү 36 куралдуу кагылышууларды токтоткон. Президентиктен кийин ал Гватемала шаарынын мэри болуп 2007, 2011 жана 2015-жылдары шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/content13904
Добавить комментарий ×