“Манас” алтын тыйынын 108 миң сомго сатып алышты

28 апреля 2018 15:56 659 Barometr
Поделиться в:
ok
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эң кымбат аукциондук лоту болуп - «Манас эпосунун 1000 жылдыгына» арналган алтын тыйын аталды. Анын аукциондогу баштапкы баасы 23 миң сомдон башталып 108 миң сом менен аяктады”,- деп кабарлайт ведомствонун басма сөз кызматы.
 
«Эл аралык тоо жылы» сериясындагы «Архар» жана «Эдельвейс» күмүш тыйындар үчүн  аукционго катышкандар 20 миң сом өлчөмүнө чейин күрөшүшкөн. Баштапкы баасы 5 миң сомдон башталган.
 
Баардыгы болуп аукционго 66 лот коюлса, алардын 2өө алтын, 34 күмүш жана ошондой эле 30 даана 1 тыйын коллекциялык тыйындар коюлган.
 
Аукцион кадамы 100 сомду түздү. 26 катышуучу катталган. Сунушталган лоттордун жалпы баштапкы баасы 216,9 миң сомду түзгөн. Аукцион жыйынтыгы боюнча коллекциялык тыйындардын жалпы суммасы 501,6 миң сом болду.
 
Эскерте кетсек, сейрек кездешкен тыйындардын аукциону 26-апрелде Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде болуп өттү.  Иш-чара улуттук валютанын 25 жылдыгына байланыштуу өткөрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content13903



Добавить комментарий