Анжелика жол кырсыгына кабылдыбы?
Поделиться в:
27-апрелде ырчы, алып баруучу жана актриса Анжелика Бекболиева Бишкек-Ош жолунда бир кырсыктан аман калды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасына: "Кудай сактады. Жол кырсыгынан эч ким алдын ала сактана албайт экен", - деген билдирүү калтырган.
Ырчы Ош шаарындагы концертке кызуу даярданып жаткан.
"Концертке байланыштуу ушул күнү аба каттам менен эмес, унаа менен сапарга чыгууга туура келген. Зарыл ишим болбосо шашылбайт элем", - деп билдирди ырчы айым.
Эскерте кетсек, ырчы буга чейин күйөөсү Урмат Бекболиев менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан эле.

Ссылка: https://barometr.kg/content13891
Добавить комментарий ×