Парламенттин депутаты мектептин спорт залынын курулушуна миллион сом белекке берди

11 мая 2017 11:13 474 Barometr
Поделиться в:
ok

 Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 1 млн 200 миң сомго жаңы спорттук зал курулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда  Жумабек Чаргынов атындагы мектептин директору Тентибай Керимов билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин аталган мектепте спорттук зал болгон эмес.

 “Өткөн жылы айылдын жаштары парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаевге айылда жаңы спорттук зал куруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал жардам берүүгө макул болду жана биз ага ыраазыбыз. Бир жылдын ичинде жаңы спорттук зал курулду. Балдар кубанычта”,-деди директор.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1389



Добавить комментарий