Комиссия Тогуз-Тородогу тартипсиздиктен келтирилген зыянды аныктайт

28 апреля 2018 12:28 792 Barometr
Поделиться в:
ok
Тогуз-Торо районундагы алтын өндүргөн заводго байланыштуу тартипсиздиктен келип чыккан чыгымды ведомство аралык комиссия аныктайт. Жалал-Абад облусунун акимчилигинен  маалымдашкандай, кытайлык инвесторлор чыгымды эсептөтүү үчүн көз карандысыз компанияны чакыртышкан, бирок акыркы чечимди комиссия чыгарат.
 
Ошону менен бирге, бийлик органдары компенсация төлөйбү жокпу, белгисиз. Себеби, фабриканын куруу үчүн лицензия мыйзамсыз берилген. Инвесторлордун айтуусу боюнча, жабдыктардын баасы 5 миллион долларды түзөт.
 
Эскерте кетсе, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун жашоочулары алтын өндүрүүчү заводдун курулушуна каршы чыгышып, салынып бүтө элек имаратты жана жабдыктарды өрттөп жиберишкен. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13887



Добавить комментарий