Реанимациядан качып чыккан аял Сулайман-Тоодон боюн таштады

19 апреля 2018 11:38 1456 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында 36 жаштагы аял Сулайман-Тоодон боюн таштап жиберип каза тапты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Окуя, 18-апрелде болгон, тоонун боорунан аялдын сөөгү табылган. Текшерүү маалында ал 1982-жылы туулган Ош шаарынын тургуну болгону аныкталды.

Аял баш мээсинен гидроцефалия болуп оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Оорудан кыйналганда ал качып чыгып өзүнүн жанын кыюуну чечкен.

Анын жубайы бар, балдары болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content13542



Добавить комментарий