«Берекет» базарындагы өрт 601 миллион сом зыян алып келди
Поделиться в:
Бишкектин “Берекет” базарында болгон өрттөн келтирилген чыгым 601 миллион сомду түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Санжар Муканбетов билдирди.
Анын айтымында жабыркаган соодагерлерге көмөк көрсөтүү боюнча маселени ведомстволор аралык комиссия карап жатат.
Буга чейин өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, 13-апрелде Ош базарында өрт чыккан. Ага чейин 5-мартта жана 30-январда дагы аталган базардын бир бөлүгү өрттөнгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content13508
Добавить комментарий ×