Чүчкүрбөйм деп тамагын айрып алды

18 апреля 2018 12:43 571 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгер чүчкүргүңүз келсе ооз менен мурунуңузду жаап, чүчкүрбөөнүн кереги жок. Анткени ал ден соолукка зыян дешет дарыгерлер.

Англиянын тургуну сасык тумоо менен оруп, дарыгерлерге барган. Ак халатчандар ал адамдын кызыл өңгөчүнүн төмөнкү бөлүгү жыртылганын аныкташкан. Бул сыртка чыгарбай чүчкүрүүнүн себебинен болгон экен. Бейтап жети күн бою түтүк аркылуу тамактанып, араң жакшы болуп кеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13502



Добавить комментарий