Почточулар пенсионерлердин наамына насыя алып төлөбөй коюшкан

17 апреля 2018 14:54 720 Barometr
Поделиться в:
ok

Жүздөгөн улгайган адамдар уятсыз почточулардын айынан карызга батышты. Россиянын Санкт-Петербург жана  Ленинград областынын  “Почты России″ кызматынын өкүлдөрү пенсионерлердин наамына миллиондогон рублге насыяларды алышкан. Бул тууралуу Фонтанка булагы кабарлады.

Алдамчылар пенсионерлер эч нерсе билбей отурганда алардын наамына насыя документтерин толтуруп, жасалма келишимдер менен насыя алышкан.

Мындай бир нече учурду «Открытие» банкы аныктап чыкты.  

Насыя алгандыктары тууралуу эскертмелер бир нече пенсионерге баргандан кйиин чуу чыккан.

Мындан улам «Открытие» банкы почта бөлүмдөрү аркылуу керектөө насыяларын бербей калды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13470



Добавить комментарий