Ош базарынын соодагерлери митингге чыкты

16 апреля 2018 13:21 741 Barometr
Поделиться в:
ok
Бүгүн, 16-апрелде өрт кырсыгынан жабыркаган Ош базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.  
50дөй адам өрт кырсыгынан гана эмес мародерлуктан дагы жабыркап жатышканын арызданышууда. Алар Абдымомунов көчөсүнүн унаа өтө турган тарабына жаап алышып, чиновтердин жолугушуусун талап кылышты.
Соодагерлер насыядан куткарууну өтүнүп жатышат.
Эскерте кетсек, 13-апрелде Ош базарында өрт чыккан. Ага чейин 5-мартта жана 30-январда дагы аталган базардын бир бөлүгү өрттөнгөн.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13422



Добавить комментарий