14-15-апрелде жол тандабастардын жарышы болот

14 апреля 2018 13:39 955 Barometr
Поделиться в:
ok

14-15-апрелде Озерное айылына жакын жердеги полигондо Offroad Kings клубунун 10 жылдыгынын урматына эки күндүк унаа жарышы болот.

Иш-чара Кыргызстандын жол коопсуздугу жана автомотоспорт федерациясынын колдоосу менен өткөрүлөт.

10 жылдан бери аталган коомдук бирикме жол тандабастардын жарышын өткөрүп келет.

Эки күндүк шоу-программада квадроциклдер (балдар); квадроциклдер (чоңдор); жол тандабастар, жүк унаалары жарышат. Мелдеш 12:00дө башталат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13395



Добавить комментарий