ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Поделиться в:
Аба ырайын алдын ала болжолдоочулар шашылыш билдирүү таратты. 16-апрелден 20-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлук аймактарында жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.
Абанын температурасы өлкөнүн түндүгүндө күндүз +12 градуска чейин төмөндөйт. Түштүк аймактарда түнкүсүн -1 градустан +14 градуска чейин ылдыйлайт.
Нөшөрлөп жааган катуу жаандан улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/content13362
Добавить комментарий ×