Ата-энеси өлгөндөн кийин төрт жылдан соң алардын баласы төрөлдү
Кытайда ата-энеси жол кырсыгынан каза тапкандан кийин алардын баласы төрөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашууда. Аны суррогат эне төрөгөн.
2013-жылы жол кырсыгы болоор алдында жубайлар жасалма жол менен балалуу болуу максатында бир нече эмбриондорду тоңдуруп коюшкан. Алар суюк азотто 196 градустук температурада сакталган.
Жубайлар каза тапкандан кийин алардын ата-энеси соттон сотко азырданып жатышып эмбрионду колдонууга уруксат алышкан.
Декабрь айында лаосттук сррогат эне уул баланы жарык дүйнөгө алып келди.
Бул тууралуу баяндаган Beijing News гезити жубайлардын ата-энеси неберсин жарык дүйнөгө алып келиш үчүн бир канча кыйынчылыктардан өткөнүн жазды.
Буга чейин дүйнөдө мындай учур катталган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/content13361
Добавить комментарий ×