Аял Афганистанда өлдү деген уулун 30 жылдан кийин тапты

12 апреля 2018 12:51 1702 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул окуя жомоктогудай болду. 30 жыл мурда Афганистанга кызмат өтөгөнү кеткен Игорь Белокуров согушта жоголгон.

Игорь Белокуров Кандагарда кызмат өтөп жургөн учурда, аскер операцияларынын маалында туткунга түшүп кеткен. Бир канча убакыт жигитти кулчулукта кармашкан. Ал аман калыш үчүн ислам динин кабыл алып, өзүнө Амриддин деген жаңы ысым алган. Апасы Антонина 20 жыл бою уулун издеп акыры таппаганда көрүстөн катары мрамордон эстелик койдурган.

Бирок ушунча жылдан кийин орус тилин унутуп калган Игорду суу катмарларын изилдеп жүрүшкөн геофизиктер жолуктуруп калышкан. Алардын бири Андрей Кадун мурдагы аскер тууралуу Афганистан ардагерлер союзуна билдирген.   

“Акыры аны таптым. 30 жыл болсо дагы, жүзүн бырыш баскан болсо дагы тааныдым”,-дейт аскердин энеси.

 Пенсионер аял уулуна жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Афганистан ардагерлеринин Волынск областы боюнча союзу учурда Украина аркылуу аны кайтарып келүүгө документ топтоп жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13326



Добавить комментарий