Болсунбек Казаков VIP-шаарчаны сатуу иши боюнча кармалды
Поделиться в:
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков кармалды. Аны Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси- кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана менчиктештирүү жобосун мыйзамсыз колдонуу боюнча айыпташууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Буга чейин Курманбек Бакиевдерге таандык делген VIP-шаарчаны сатуу боюнча ЖМКда бир нече ирет маалымдалган. Айрым маалыматтарга таянсак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 242 млн сомго сатыла турган 48 коттежди 142 млн сомго сатып салган.
Учурда Болсунбек Казаков убактылуу кармоочу жайга камалды.
Ссылка: https://barometr.kg/content13286
Добавить комментарий ×