Гүлнара Каримованын дайынсыз жоголушуна тынчсызданышууда
Поделиться в:
Бир нече жылдан бери Өзбекстандын мурдагы лидери Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова тууралуу маалымат жок.
“Каримова ал тургай атасынын күмбөзүнө дагы бир басып келген жок”,-деп жазат The New York Times.
Ошондой эле Каримова атасынын тажыясына дагы катышкан эмес, ал 2014-жылдын бери дайынсыз болууда.
Газетадагы макалага таянсак, Гүлнара Каримова каза тапкан жана буга далилдер бар.
Ошондой эле учурда Human Rights Watch уюмунун Орто Азиядагы иштер боюнча эксперттерине Гулнаранын мурдагы жолдошу Мансур Максуди кайрылган. Ал аялынын тагдыры эмне болгонуна кызыкдар болууда. Ошондой эле уулу Ислам дагы апасынын дайынын билгиси келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content13254
Добавить комментарий ×