Алиярбек Абжалиев "Ата Мекендин" жыйынына эмнеге барды? Ал кимдин кудасы?

6 апреля 2018 20:23 1129 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 6-апрелде  парламенттин ”Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Башкы прокурордун отчету угулуп жаткан маалда башкы прокурордун орун басары Боконбай Казаковдун жанында "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев отурган.   

Бул факты коомчулукта бир катар суроолорду пайда кылды, анткени жыйында маанилүү саясий чечимди кабыл алып жатышкан, ага ылайык пленардык жыйынга башкы прокурор Индира Джолдубаевага ишеним көрсөтпөө вотуму тууралуу фракциянын чечимин алып чыгышмак. 

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары, башка фракциянын депутаттары жана журналисттер эмне үчүн башка фракциянын депутаты "Ата Мекендин" жыйынына катышып жатканына жана ал жогорку даражалуу бир чиновниктин тууганы эмеспи деген суроолорго кызыгып жатышат.

"Ата Мекенден" депутат Эмил Токтошев Barometr.kgнин суроолоруна жооп берип жатып Абжалиевди фракция чакыртпаганын ал жыйындар залына кокусунан келип калганын ырастады.   

“Биз аны чакырган жокпуз жана албетте ал өзү да атайын келген жок. Кокусунан кирип калды, болжолу кимдир-бирөөнү издеп келсе керек, аны көрүп калып биздин фракциянын депутаттары жыйынга катышууга чакырышты. Ал макул болуп жөн гана отурган. Ал бир он мүнөттөй эле отурду окшойт”,-деп айтты Токтошев.

Анын катышуусу “Ата Мекендин” ички жобосуна карама-каршы келбейби деген суроого депутат жободо буга уруксат берилгенин айтты. 

“Эмне үчүн Абжалиев башкы прокурордун орун басарынын жанына отурду?” деген суроого Токтошев “депутатты журналисттердин арасына отургузуу ыңгайсыз болду ошондуктан Казаковдун жанына отурууну сунуштадык”,-деп жооп берди.   

Белгилей кетсек, бүгүн бир эле убакта парламенттин эки оппозициялык  фракциялары болгон "Республика - Ата Журт"  жана "Ата "Мекендин" жыйынында башкы прокурор Индира  Джолдубаевага ишеним көрсөтпөө вотумун жарыялашкан. Башкы прокурордун өзү фракция жыйындарына катышкан жок,   анткени ооруп калган. Анын ордуна депутаттарга орун басары отчет берди.    

Белгилүү болгондой, буга чейин башкы прокурор Индира Джолдубаева “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, фракция депутаттары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмамтовдорго карата кылмыш ишин козгогон.

Ал эми вотумдун реалдуу себептерине келе турган болсок, башкы прокурорго вотум айтылганга чейин "Республика - Ата Журттун» лидери алмашкандыгы маанилүү факт. Депутаттар Руслан Казакбаевдин ордуна Жыргалбек Турускуловду шайлашкан.  

"Фракция ичинде эки топтун ортосунда дайыма пикир келишпестиктер болуп келген. Биринчи топ мурдагы башчы Өмүрбек Бабановдун адамдары, экинчи топ башка позицияны кармангандар. Экинчи топ кыязы Бабановдун саясаттан кетишинен кийин чыңдалган жана ошондуктан башчыны алмаштырууга жетишти”,-деп эсептейт фракция катчылыгындагы Barometr.kgнин булагы. 

Бул арада парламенттин көшөгө артында сүйлөшүүлөрү боюнча “Республика Ата журт” фракциясынын көпчүлүк депутаттары эми Өмүрбек Бабанов эмес, президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоп жатышат. 

Белгилүү болгондой, Индира Джолдубаева  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен башкы прокурор болуп дайындалган. Ага чейин 31-мартта Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго сын айткан болчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/content13196



Добавить комментарий