100 долларга жашырылган 4 табышмактуу сыр (фото)
“АКШнын валютасы 1862-жылы алгачкы доллар басылып чыккан күндөн баштап интригалар менен коштолуп келген”,- деп жазат Para Los Curiosos булагы.
Доллар кызыктуу тарыхка ээ жана көп сырды ичине катып турат. Кээ бири муну “кутум теориясына” байланыштырып жүрүшөт, бирок баары бир доллардын дизайнынын чечмеленишин биле жүргөн туура.
1.Масон символдору
Масондор доллардын дизайнында көп роль ойногон деп айтылат. Алардын символдорунун бири “Баарын көргөн көз”. Банкноттун дизайнын түзүүчү комиссиянын курамынын мүчөсү Бенджамин Франклин масон болгон. Бирок бул символ миңдеген жылдар бою ар түрдүү маданиятта колдонулган. Мисалы Египеттин маданиятында, пирамидадагы сүрөттөрдө колдонулган.
2.13 саны
13 долларда эң көп кездешкен сан, пирамиданын 13 тепкичи, бүркүттүн 13 жылдызы, калканда 13 сызык, бүркүттүн колундагы бутакта 13 жалбырак жана 13 жемиш, 13 жаанын огу тартылган.
13 санын жамандыкка жоруп ар кандай чечмелешкени менен 1776-жылы 13 колонияны бириктирип АКШ түзүлгөнүн эске алуу керек.
3.Таң калыштуу жандык
Бул сүрөттүн лупанын жардамы менен гана көрө аласыз, кээ бири үкүнүн сүрөтү тартылган десе, кээ бири жөн гана коргоочу белги дешет. Бирок бул жерге адамдын баш сөөгүнүн сүрөтү катылган деп эсептелинет.
4. Индуист идолу
Муну дагы лупанын жардамсыз көрө албайсыз. Бир деген сандын сол жагында чачын байлаган фигура бар. Ал Индиялык кудай Шива деп чечмелешет.
Индиялыктар сыйынган Шива дүйнөнү талкалоочу күч делип саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13191
Добавить комментарий ×