Коомдук тамактануу жайларында көзөмөл күчөтүлөт

6 апреля 2018 08:31 914 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук саламаттыкты сактоого байланыштуу кеңири жыйын өткөрдү.

Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында Бишкек шаарындагы ресторандардын бириндеги тамакка уулануу окуясы каралып, көрүлгөн иш-чаралар талкууланды.

Мындан ары мындай окуянын кайталанбашы үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызмат жетекчилерине санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

“Ала-Тоо” ресторанында тай рецепти боюнча даярдалган ​тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Адистер тооктун этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулганын айтышууда. Санитардык кызмат уулануунун себебин жок кылыш үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13165



Добавить комментарий