Кыргызстандын экс-министри Төрөгул Бековду Россия ӨКМнын медалы менен сыйлашты. Ал сууга чөгүп бара жаткан улгайган аялды куткарып калган

2 мая 2017 12:22 491 Barometr
Поделиться в:
ok
Кыргызстандын экс-айыл чарба министри Төрөгул Беков сууга чөккөн адамды куткаргандыгы үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аны медаль менен сыйлады. Бул тууралуу ал Facebookтагы өзүнүн баракчасына жазды.
Эскерте кетсек, өткөн жылы 3-июлда Беков Россиянын Пенза облусунун Спутник шаарчасында көлгө чөгүп баратккан улгайган аялды куткарган. Пенсионер аял жасалма көлмөгө чөгө баштаган. Бул жерден өтүп бара жаткан Беков сууга секирип аялды жээкке алып чыккан. Кийинчерээк куткаруучулар жабырлануучуга алгачкы көмөктү көрсөтүшкөн жана андан соң аны шаардагы ооруканага жеткиришкен.
 
barometr.kg сайты менен болгон маегинде Беков Россиянын Повольже колхозунда төрагасы болуп иштеп жатканын айтты.
Конец переписки
 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1313



Добавить комментарий