Бишкекте эң чоң шахмат тактасы пайда болду

2 мая 2017 15:12 750 Barometr
Поделиться в:
ok

Ата-Түрк атындагы паркта Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен эң чоң көчө шахматы орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шахматтар жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында орнотулган. Фигуралар жыгачтан жасалган жана аларга уникалдуу оюу-чиймелерди түшүрүү менен кыргыз элинин улуттук колоридди өзгөчө чагылдырылган. Ар бир фигуранын бийиктиги 70 сантиметрден 1 метрге чейин жетет, шахмат тактасынын көлөмү-5х5 метр. Ачылыш салтанатына карата 10 команда үчүн турнир өткөрүлөт, ага кесипкөй шахматчылар гана эмес шахмат сүйүүчүлөр да катышып, ошону менен бирге КРнын шахмат боюнча эл аралык чемпионатынын жана Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону Семетей Тологон Тегиндин мастер-классы өткөрүлөт. Кийинчерээк шахмат үчүн орундуктарды орнотуу жана ар кандай турнирлерди өткөрүү пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content1312



Добавить комментарий