4-апрель: абанын температурасы + 22 градуска чейин жылыйт
Поделиться в:
4-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Чүй өрөөнүндө 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 12...17,
Бийик тоолуу райондордо -10...-15, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 20…22° көтөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content13078
Добавить комментарий ×