Жер көчкүдөн каза тапкандарды издөө уланууда. Муфтият жеринде жаназа окуу мүмкүндүгүн караштырууда

2 мая 2017 12:02 341 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүдө калган жергиликтүү тургундардын сөөгү дагы деле табыла элек. Эскерте кетсек, 29-апрелде Ош областынын Өзгөн районунун Зергер айыл округуна караштуу Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети турак үйдү басып калган жана кырсыктан 24 адам набыт болгон. Ошол эле күнү кырсык болгон жерге премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдор барышкан. Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 30-апрелин аза күтүү күнү деп жарылаган.

Саламаттыкты сактоо

Өз маалында жана квалификациялуу медициналдык көмөк бериш үчүн Аюу айылында дарыгерлердин бригадасы: невропатолог, травматолог, хирург, педиатр, терапевт, акушер-гинекологдор иш алып барууда. Ошондой эле психологдордун бригадасы иштеп жатат. Калкка медициналык көмөк бериш үчүн мобилдик клиника иштөөдө. Өзгөн районунун аймактык ооруканасына каза болгондордун туугандары тактап айтканда 7 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Алардын ичинен үчөө жагдайлык невроз дарты менен жабыркаса, экөөнө суук тийген, жагы эки адамда гипертониялык крисиз байкалган, баарын абалы учурда туруктуу. Дагы бир адам инсульт оорусу мнеен реанимация бөлүмүндө жатат, анын абалы оор.

ӨКМ

Издөө иштеринин учурунда көчкү алдында калган Аюу айылынын үч тургунунун сөөгү табылды. Алар 1997-жылы, 2005-жылы, 2015-жылы туулган жарандар. Издөө уланууда.

Муфтият

Бул арада муфтияттын аалымдары кырсык болгон жерде куран окуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Коом

Каза тапкан жарандардын туугандары каада-салтка ылайык жерге бериш үчүн көчкү алдында калып кеткендердин сөөктөрүн табууну өтүнүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content1301



Добавить комментарий