Россияда болгон жол кырсыгында сегиз кыргызстандык жабыркады
Бөлүшүү:
Россияда болгон жол кырсыгында сегиз кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен басма сөз кызматынан кабарлашты.
Рязанск областынын Шацкий районунда 1-апрелде саат 09:30да "Хонда-Степ" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып электр түркүгүн сүзгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча сегиз кыргызстандык жабыркап, ооруканага жеткирилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content12992
Добавить комментарий ×