28-31-мартта Жерде катуу магниттик бороон болот
Поделиться в:
Окумуштуулар жакынкы аптада Жерде геомагниттик активдүүлүк болоорун маалымдашты. Күндөгү жарылуудан улам Жерге заряддалган бөлүктөр келе жатат.
28-29-мартта орточо интенсивдүү магниттик бороон болот, ал эми 30-31-мартта андан азыраак магниттик бороон катталат.
Жердин магниттик талаасынын таасирге кабылышы адамдардын ден соолугуна начар таасирин тийгизүүчү факторлордун бири болуп саналат. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылган адамдар бул күндөрү абай болуусу кажет.
Атмосферадагы мындай кубулуштардын баары адамдарга гана эмес жаратылыштагы тирүү организмге таасирин берет.
Ссылка: https://barometr.kg/content12817
Добавить комментарий ×