Артыкбаев: 2017-жылга чейинки өлкөнүн Туруктуу өнүгүү стратегиясы көздөгөн максатарына жетти
Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте «Кыргызстан. Келечектин ресурсу” деп аталган конференцияда депутаттар жана мамлекеттик органдарын өкүлдөрү өлкөнүн энергетикалык жана тоо кен казып алуу тармагын өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.
Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди айтымында, Кыргызстан пайдалуу кен байлыктарына бай. “Мисалга алсак, Кыргызстанда 586 тоннадай алтындын запасы бар, көмүрдүн запасы 1,5 млрд тонна”,- деп эскертти аткаминер.
Өнөр жайдын өнүгүшүнө байланыштуу Зилалиев суу аз жылдарда электр энергиясынын тартыштыгын төмөндөтө турган жаңы энерго кубатуулуктардын маанилүү экенин айтты.
Парламенттин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев иш-чаранын модератору катары сөз алып сүйлөп жатып Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатканын баса белгиледи. “Төрт жыл мурда 2017-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынган. Ал толук бойдон өзүнүн максатына жетти. Бүгүнкү күндө биз башка өлкөдө-2013-жылга салыштырганда көбүрөөк өнүккөн өлкөдө жашап жатабыз. 2040-жылга чейин өнүктүрүү старегиясын иштеп чыгуу дагы оң натыйжаларын бермекчи. Кыргызстан бийик максаттарды алдыга койгондон коркпошу керек”,- деп эсептейт депутат.
Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат технологияларынын көмөгү менен өлкөнүн өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин кошумчалады. Кыргызстанды өнүктүруш үчүн билим берүүнү жогорулатуу зарыл. Дүйнө билим жана инновациялардын негизинде өнүгүп жатат. “Биз кайсы ресрустар зарыл, кандай өнүгөбүз ушунун баарын тактап чыгышыбыз керек. 2040-жылга дейре өнүгүү статегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Жаштар тиешелүү билим алгандай баардык шарттар түзүлүшү керек”,-деп айтты төрага.
Ссылка: https://barometr.kg/content1281
Добавить комментарий ×