Кыргызстандын бажычылары Тажикстандын чегинде аткезчилерди кармашты. Алар аркар-кулжалардын терисин алып өтмөк болушкан

28 апреля 2017 12:02 588 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аркар-кулжалардын терилерин жана мүйүзүн Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган аткезчилерди кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

ЕАЭБдин аймагында тыюу салынган предметтердин жана товарлардын аткезчилигине бөгөт коюу жана мындай фактыларды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош бажысынын аткезчилик менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2017-жылдын 27-апрелинде Алай районунун Сары-Таш айылында жайгашкан “Бордобо” бекетинде мамлекеттик номерлүү УАЗ 33909 маркасындагы унаа кармалган. Аны Тажикстан-Кыргызстан багытында К.Т. аттуу айдоочу айдап бара жаткан.

Аталган унааны бажы текшерүүсүнөн өткөрүп жаткан маалда салондон капка салынган:

  • 7 даана аркардын териси;
  • 4 даана кулжанын териси;
  • 7 жуп аркардын мүйүзү, жалпы саны 14;
  • жалпы саны 8 даана 4 жуп кулжанын мүйүзү табылган.

Терилер жана мүйүздөр койдун жүнү салынган каптарга бекем катылган. Мындан тышкары алардын ЕАЭБдин аймагында мыйзамдуу ташууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери болгон эмес.

Белгилүү болгондой мыйзам боюнча аркар-кулжаларды атууга тыюу салынган, анткени алар КРнын Кызыл китебине кирген.

Бул факты боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, унаа жана аркар-кулжанын терилери менен мүйүздөрү Ош шаарында жеткирилди.

Ошондой эле ишти карап чыкканча Жаратылышты коргоо департаментинин жоопкерчилигине тапшырылды. Учурда Ош бажысынын аткезчилик менен күрөшүү боюнча бөлүмү тарабынан текшерүү жүрүп жатат. Тергөөдөн кийин материалдарды Ош областынын прокуратурасына өткөрүп берүү чечими кабыл алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content1280



Добавить комментарий