Кыргызстанда 80ден ашык сириялык качкын бар

26 марта 2018 15:15 619 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда качкын макамына ээ 168 чет өлкөлүк жашайт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлайда Орозалиева билдирди.

Анын айтымында, 87 качкын Сириядан, 61и Ооганстандан жана 15и Украинадан келген.

2011-жылы мартта өкмөткө каршы демонстарциялар менен башталган Сириядагы жарандык согушта жалпысынан 400 миңден ашык киши каза болуп, 5 миллионго жакын сириялык өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Бул согушта Орусия менен Иран Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүн, Кошмо Штаттар менен Түркия көтөрүлүшчүлөрдүн түрдүү топторун колдоп келишет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12785



Добавить комментарий