Аял кыз таап алып, күң кылган, шал болгондо балдары карабай күңү бакты

26 марта 2018 13:03 2025 Barometr
Поделиться в:
ok

 30 жыл мурда тактап айтканда 1984-жылы Россиянын Пермь шаарынын тургуну таштанды челектен жаңы төрөлгөн кара тору кызды таап алган. Эч кимге айтпай багып алып чоңойгондо үй-бүлөсүнө күң катары жумшаган. Бирок ооруп төшөктө жатып калганда балдарынын эч кимиси карабай кетип, ошол күң кызы багып акыркы сапарга узатты. Бул тууралуу province.ru. булагы кабарлады.

 Кыз аялды “чоң эне” деп айтып чоңойгон. Эч ким ага документ жасатууга аракет кылган эмес, ал тургай ысым да коюшкан эмес, кыз чоңойгон сайын үй-бүлө аны жумшап, үй кызматчысы катары иш кылдырган.

Аты жок кыз мектепке барган эмес, эмдигиче окуганды жазганды билбейт, документтин жоктугунан ооруканага бара албайт. 30 дагы кыздын башы катуу ооруйт жана астма менен жабыркайт.

“Чоң энеси” ага мектепке барганда сени сабап салышат деп үйрөткөн.

 Акыркы жылдарда тагдыр баарын башкача чечти, аны багып алган аялды балдар, кыздары карабай кетип, өзү шал болуп төшөккө жатып калган.

Кыз короо шыпыргыч болуп иштеп аялды багып дары, тамак-аш алып берген. Февраль айында аял каза тапты.

Эми аты-жөнү жок отуздагы аял эмне кыларын билбей  милицияга кайрылууда.   

Ссылка: https://barometr.kg/content12775



Добавить комментарий