Акча кайда? Киркоровдун Бишкектеги концертинен түшкөн каражатты эсептешет
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Филипп Киркоровдун Бишкектеги концертинде түшкөн каражатты текшерет.
Башкы прокуратура берген маалыматка таянсак, Кожомкул атындагы спорт сарайы менен Creativ Gamma Media Group жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы ижара келишимин текшерүү жүрүп жатат. “Текшерүү акча туура эмес пайдаланылгандыгы тууралуу кабардан кийин жүргүзүлүүдө.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат келишимди жана концерттен түшкөн каражатты текшерүү боюнча стандартка ылайык кат жөнөттү”,-деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, россиялык ырчы Филипп Киркоров "Я" деп аталган шоусу менен 24-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында концерт койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content1277
Добавить комментарий ×