Бишкекте 22-майдан 22-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт

28 апреля 2017 11:12 544 Barometr
Поделиться в:
ok
Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 22-майынан 22-июнуна чейин ысык суу өчүрүлөт.
 
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ 28-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тиешелүү буйрукка кол койду.
 
Кабарда ысык сууну өчүрүү жыл сайын жүргүзүлө турган профилактикалык иш-чараларга жана жылуулук түйүндөрүн жылытуу сезонуна карата сапаттуу даярдоо максатында жүргүзүлүп жатканы айтылат.
 
Эскерте кетсек, Бишкекте жыл сайын ысык сууну профилактикалык чараларга байланыштуу 10-майда өчүрүшчү.
 
Мэриядан кабарлашкандай, ысык сууну өчүрүү датасын шаардыктардын көп сандаган өтүнүчтөрү боюнча кийинкиге жылдырышкан. “Шаар тургундарынын жана социалдык мекемелердин көп сандаган кайрылууларынын натыйжасында, ошондой эле мектепте жана медициналдык мекмелерде тамак берүүнү уюштурууга коюлган санитардык-гигеналдык талаптарды эске алуу менен ысык сууну өчүрүү 2017-жылдын 22-майына жылдырылды”,- деп маалымдашты мэриядан.
Конец переписки
 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1275



Добавить комментарий