Сезондуу тыныгуудан соң “Солтон – Сары” кенинде жумуш башталды

28 апреля 2017 10:00 455 Barometr
Поделиться в:
ok
 
 Сезондуу тыныгуудан соң «Солтон-Сары» кенинин алтын чайкоочу фабрикасында толук түрдө иш башталды.
 Алтын чайкоочу фабрикада жана «Солтон - Сары» кенинин айрым участокторунда пландуу тыныгуу маалында оңдоо иштери жүргүзүлдү жана 4500 тоннадай кен өндүрүмдөрү казылып алынды.
 «Солтон - Сары» кениндеги өндүрүштү кеңейтүүнүн алкагында ушул жылдын июнь айында алтын чайкоочу фабриканын экинчи линиясы ишке кирди жана бул кошумча 6 кг алтын өндүрүүгө мүмкүндүк бермекчи.
 Мындан тышкары  2016-жылы январь айында ишин баштаган перспективалуу Алтын-Тор участогунда геологиялык чалгындоо иштери улантылууда. Аталган участоктун жалпы запасы болжол менен 539,79 миң тоннага жакын.
Ишканада азыркы учурда 156 адам эмгектенип жатат.
 Маалымат үчүн: «Солтон – Сары» кени "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун өндүрүш филиалдарынын бири болуп саналат. Ал Бишкектен 355 чакырым алыстыкта Нарын областындагы Капка – Таш тоо кыркасында деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.                        
 

Ссылка: https://barometr.kg/content1274



Добавить комментарий