Аял жаңы төрөлгөн балдарын 10 жыл муздаткычка салып күйөөсүнөн каткан

23 марта 2018 14:17 3135 Barometr
Поделиться в:
ok

Францияда 38 жаштагы аял 10 жыл бою кош бойлуу экенин жашырып, ал эми төрөлгөн ымыркайлардын денесин муздаткычтын  камерасына салып катып жүргөн. Бул тууралуу The Local басылмасы маалымдады. 

Аялдын тирүү калган, учурда мектепте окуп жаткан кызы муздаткычтан ымырыкайдын сөөгүн көрүп калып атасына айткан. Ал  өз кезегинде полицияга кайрылган.

Полиция наристе эки күн мурда төрөлгөнүн аныктады. Медиктердин бүтүмүно караганда ымыркай дени сак, жашап кетүүгө жөндөмдүү эле болуп төрөлгөн.

Тинтүү маалында муздаткычтан дагы төрт тоңдурулган наристе табылды.

 Аял бул балдарды 2005-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта төрөп, өлтүрүп муздаткычка сала берген.Күйөөсү бул тууралуу эч нерсе билген эмес, анткени ал көп учурда узак убакытка башка аймактарга иштеп кетип турган.

Учурда соттук териштирүү башталды. Аялды өмүр бою абакка кесүү каралууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12727



Добавить комментарий