Ийгиликтүү болгуңуз келсе баарын бөлмөнү туура жасалгалоодон баштаңыз! (фото)

23 марта 2018 13:51 1408 Barometr
Поделиться в:
ok

Түс ушунчалык эле маанилүүбү деген суроо туулат. Психологдор  буга “ооба” деп жооп узатышты. Эгер бөлмөнүн интерьерин тигил же бул түс менен жасалгалай турган болсоңуз, анда анын өзүнүн мааниси бар экенин биле жүргөнүңүз оң.

Ак түс- жашоосунун баарын жаңыдан баштагысы келгендерге табылгыс вариант. Ал жашоо мейкиндигин жаңыртууга мүмкүндүк берет. Мындай бөлмөдө бир нече күн жашагандан кийин жашоого кайрадан төрөлгөндөй болосуз. Ага кошумча бөлмөнү ачык түстүү эмеректер менен кооздосоңуз үйүңүз ого бетер көркүнө чыгып, маанайыңыз көтөрүлөт.

Сары түс- жашоону сүйүүчүлүк, ден соолук, кыймыл, өзүн жакшыртуу. Эгер эң эле келбеттүү көрүнгүңүз келсе бөлмөнү сары түстөгү эмеректер, пардалар менен жасалгалаңыз. Сары түс жаңычылдыкка шыктандырат. Сиз туура тамактанууга көңүл бөлүп, чыгармачылыгыңыз ашып ташыйт.

Кызыл түс-жалындаган сезимдер. Бул түс жубайлардын сезимин жакшыртат, бирок ашыкча эмоционалдуу адамдарга тескери таасирин берип, үйдө чыр чатак көбөйүшү ыктымал.Ошондуктан аны орду менен колдогонгон жөн.

Күрөң түс- үй-бүлө очогунун түсү, кочкул күрөң, шоколад түстөрү туруктуулукту алып келип, ооруну жеңилдетет. Активдүү адамдар бөлмөнү мындай түстүү эмеректер менен жасалгаласа эс алуусуна абдан көмөк берет.

Жашыл түс- ийгилик жана кайра жаралуу. Жашыл түс адамдардын жашоосуна ийгилик жана жаратмандык алып келет. Дароо өзүңүзгө күч топтолуп калганын байкасыз. Ишкерликте сонун сунуштар болот. Жашыл интерьер маанайды гана ачпастан, ийгиликтерге дагы жол ачат.

Башка түстөгү интерьерлер тууралуу дагы кеңири берүүгө аракет кылабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/content12725



Добавить комментарий