Ата-энеси 13 жаштагы кызын жарым жыл шкафка камашкан
“13 жаштагы кыз Франциска Р жарым жыл бою жоголду деп издөө салынып, полиция ага издөө жарыялаган. Ал өткөн жылдын октябрь айында дайынсыз жоголгон",-деп жазат Life.ru.
Бир аздан кийин “Урматтуу апа жана атакем мен үйгө тургум келбей качып кеттим”,-деген кат табылган. Бирок чындык таң каларлыктай болуп чыкты.
Германиянын Шаксдорф шаарындагы кыздын ата-энесинин үйүнө полиция бир канча ирет тинтүү жүргүзүп кызды таба алышкан эмес.
Бирок акыры полиция алардын сары изине түшүп кыздын 52 жаштагы апасы менен анын 46 жаштагы көңүлдөшүн кармады. Алар кызды жарым жылдан бери шкафка камап, өгөй атасы ага зомбулук көрсөтүп жүргөнүн, кыздын каты деп жасалма кат жазышкандарын мойнуна алды.
Ссылка: https://barometr.kg/content12720
Добавить комментарий ×