Сарайдан адамдардын 1,5 тонна сөөгү табылды (видео)

22 марта 2018 12:58 7736 Barometr
Поделиться в:
ok

Запорожьеде чакан сарайда медициналык таштандылар жана уулуу заттар менен аралашып жаткан адамдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Украинанын TCH телеканалы кабарлады.

Жаман окуянын болгонун жергиликтүү тургундар байкашкан-Украинада күн жылыгандан тартып айлананы сасык жыт каптаган. Тургундар бул жыт чыккан жерди издеп барып чакан сарайды табышкан.

Анын ичинде желим баштыктарга салынган шприцтер, түтүктөр жана башка заттар болгон. Ал гана турсун 1,5 тонна адам сөөктөрү табылган. Алар колдонулган медициналык предметтер менен кошо аралашып жаткан. Мунун баары сарайда бир нече айдан бери сакталганы белгилүү болду. Жогоркудагы калдыктардан тышкары сарайдан жарым тонна сымап дагы табылды.

Аталган калдыктарды ооруканалар жана кургак учук диспансерлери алып келген деп болжолдонууда. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12681



Добавить комментарий