Ажылык-2018: 55 жаштан ашкан аялдарга өз алдынча барууга уруксат берилди

20 март 2018 12:31 1025 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 55 жаштан ашкан аялдарга балдары, күйөсү жок болсо өз алдынча ажылыкка барууга уруксат берилгенин өлкөнүн мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин кыргызстандык аялдарды ажылыкка күйөөсү, балдары же жакын туугандары коштоп барган.

2018-жылы Сауд Арабия Кыргызстанга 5 миң 400 квота бөлгөн. Бул өткөн жылга караганда 640ка көп. Ал эми баасы 2 миң 850 доллар турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content12615



Добавить комментарий