Кыргызстанда жаңы PRIME TV каналы ачылды

19 марта 2018 15:37 825 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-мартта PRIME TV телеканалы ишке кирди. Ал "Ош Пирим" телеканалынын базасында иш алып барат.

Башкы директор Мариф Парпиназаровдун айтымында, каналдын контенти тыкыр тандалды. 20 жаңы программаны өндүрүп чыгуу каралууда. Жаңылыктар мамлекетик жана расмий тилде чыгарылат.

“Команда тажрыйбалуу журналисттерден турат. Аналитикалык, маалыматтык жана көңүл ачуу багытында ондогон долбоорлор даярдалды”,-дейт башкы директор.

PRIME TVнын башкы мекемеси Бишкекте жайгашып, аны  белгилүү журналист Назира Ахмедова жетектейт.

Ссылка: https://barometr.kg/content12576



Добавить комментарий